Суббота, 28 декабря

ММК: Актауда кулаган учак орус ракетасы менен атылган

0

Азербайжандын маалымат каражаттары Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган Азербайжан аба жолдоруна (AZAL) таандык жүргүнчү учагынын орус ракетасы менен атылганы  аныкталганын билдирди.

Азербайжан өкмөтүнө жакын маалымат булактары кырсыкка учураган жүргүнчү учагына орус коргонуу системалары тарабынан сокку урулганы тууралуу кабар жарыялады.

Anewz.tv сайтында  атын аталбаган Азербайжан өкмөттүк булактарына таянып берилген кабарда Актауда кыйраган учактын Грозный шаарына жакындап баратканда орус «Пантсир-С» абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлгөндүгү маалымдалды.

Кабарда сөз болуп жаткан учактын байланыш системасынын орус тараптын электрондук согуштук системаларын колдонуусунан улам толугу менен иштебей калгандыгы жана  бир канча убакыт орус аба аянтындагы  радарлардан көрүнбөй калганы белгиленди.

Учактын Грозный, Махачкала жана Минеральные Воды  аэропортторуна конуусуна уруксат берилбегендиктен Актауга багыт алганы билдирилип, мунун учактын Каспий деңизине кулашы жана күбөлөрдүн  жок болушу максатында жасалышы мүмкүн экендиги ортого салынды.

Орус маалымат каражаттарында тараган альтернативдик версиялардын коомчулукту жаңылтуу  үчүн жасалгандыгы белгиленген кабарда учак кулаганга чейин кабинадан тартылган видеолордун жана  күбөлөрдүн жарылуу үндөрүн уккандыгына байланыштуу  сөздөрдүн  учактын  абадан коргонуу системаларынын кол салуусуна дуушар  болгондугун белгиленегдиги билдирилди.

Кабарда азербайжандык жетекчинин : «Азербайжан үчүн абал толугу менен түшүнүктүү. Эч ким мунун атайылап жасалгандыгын айта албайт. Бирок фактыларды эске алганда, Баку орус тараптын Азербайжан учагынын атып түшүрүлгөнүн мойнуна алышын жана  күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы менен жыйынытктала турган териштирүүнүн жүргүзүлүшү күтүлүүдө»,- деп айтылды.

Кечээ Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку-Грозный каттамындагы АЗАЛга таандык Embraer 190 үлгүсүндөгү учак кулап түшкөн.

AZAL учакта  5 экипаж менен бирге 67  кишинин болгонун билдирген.

Кырсыктан 38 адам каза болуп, 29 адамдын аман калгандыгы маалымдалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз