Суббота, 28 декабря

Өзбектан аскердик туризмди өнүктүрөт

0

2025-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстанда туризмдин жаңы түрлөрү киргизилет, деп маалымдайт өлкөнүн Туризм комитетинин басма сөз кызматы.

Жаңы багыттар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Өнөр жай туризми – өндүрүш процесстери менен таанышууну камсыз кылган багыт;
  • Геологиялык туризм – алтынды, руданы жана башка пайдалуу кендерди казып алуу, иштеп жаткан жана токтоп турган кендерге, геологиялык объекттерге, тоо-кен жардыруу иштерине коопсуз аралыкта байкоо жүргүзүүнү, тоолуу аймактарга экскурсияларды уюштурууну жана адистер менен баарлашууну камтыган туризм;
  • Илимий туризм – илимдин жана техниканын жетишкендиктери менен таанышууну камсыз кылган багыт, бул үчүн илимий-изилдөө институттарына, лабораторияларга, обсерваторияларга, планетарийлерге жана Илимдер академиясынын мекемелерине баруу уюштурулат;
  • Аскердик туризм – аскердик тарыхка байланыштуу жерлерге, эстеликтерге жана аскердик иш-чараларга барууну, аскер кызматкерлеринин турмушу жана шарттары менен таанышууну, ошондой эле туристтер үчүн акы төлөнүүчү атуу кызматтарын уюштурууну камтыйт;
  • Мамлекеттик-административдик туризм – өлкөнүн саясий турмушун, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн чагылдырган жерлерге, атап айтканда, өкмөттүк имараттарга жана тарыхый объекттерге экскурсияларды уюштурат.

Мындан тышкары, Коргоо министрлиги 2025-жылдын 1-январынан тарта жергиликтүү жана чет элдик туристтерди «Жеңиш паркы» мемориалдык комплексинде, ошондой эле «Даңк» жана «Куралдуу күчтөр» мамлекеттик музейлеринде аскердик техника жана курал-жарактар менен тааныштырат. Жогорку спорттук чеберчилик борборунун базасында аскердик куралдан атуу боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да сунушталат.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 18-сентябрында Өзбекстандын өкмөтү «Туризмдин жаңы түрлөрүн жайылтуу жана өлкөнүн туристтик потенциалын натыйжалуу пайдалануу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтомун кабыл алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз