Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптар Пакистан менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы өз ара кызматташтык алакаларын жакшыртуу боюнча пикир алмашты.
Мындан сырткары, билим берүү тармагындагы буга чейинки натыйжалуу кызматташтык аракеттери белгиленип, аймактагы пахта өндүрүмүн жогорулатуу боюнча сөз болду. Элчи Жалал-Абад облусунун тоо-кен тармагын иштетүүдөгү тажрыйбасына кызыктар экенин белгиледи.
Облус башчысы Тилек Текебаев тараптардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн шарттаган бардык тармактар боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.