Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Кремлдин маалыматына караганда, лидерлер 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде AZAL жүргүнчү учагынын кыйрашын талкуулашты.
Путин трагедиялуу окуянын Орусиянын аба мейкиндигинде болгондугу үчүн кечирим сурап, каза болгондордун жакындарына дагы бир жолу көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
«Сүйлөшүү учурунда белгиленген график боюнча учуп жүргөн Азербайжандын жүргүнчү учагы Грозный аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылган. Бул учурда Грозный, Моздок жана Владикавказга украиналык согуштук учкучсуз учуучу аппараттар сокку урган жана Орусиянын абадан коргонуу системалары бул чабуулдардын мизин кайтарган», — деп айтылат Кремлдин билдирүүсүндө.
Азербайжан аба жолдорунун Баку — Грозный каттамы боюнча учкан Embraer 190 учагы 25-декабрда Актауга жакын жерде кулап түшкөн. Учактын бортунда экипаждын беш мүчөсү жана 62 жүргүнчү болгон. Авиакырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган.