Бишкек – Ош унаа жолундагы Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 09:40та алынды. Бул тууралу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Учурда «Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Өлкөнүн ашууларында жолдор ачык, каттам бар. Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.