Индияда 100 жылдык тарыхы бар 4 кабаттуу имарат кулады. Имарат Мубайдын түштүгүндѳгү Донгриде жайгашкан. Акыркы муссон суу ташкындары иммараттын кулашына себеп болушу мүмкүн. Бирок имараттын кулаган себеби так айтыла элек.
Тиешелүү тараптардын маалыматына ылайык ондун тегерегинде адам каза болгон. Андан тышкары кѳбү уранды астында. Издѳѳ жана куткаруу иштери улантылууда.
Уранды астында кырктан ашуун кишинин калгандыгы билдирилди. Индиядагы мындай кыйроолор 2000дей адамдын ѳмүрүн алат. Кѳп учурда кырсыктын себептерин сапатсыз курулуш иштерине жүктѳшѳт.
Полиция бул иммаратта 15 үй-бүлѳ жашарын кабарлады.Он адамдын денеси таблды алардын үчѳѳ жаш балдар. Андан тышкары сегиз адам ооруканага жеткирилген.
Жергиликтүү маалымат булактарында кыйраган имараттын калдыктарын карапайым элдер кол капсыз тазалап жүргѳнү кѳрсѳтүлүүдѳ.