Коңшу ѳлкѳ Казакстандан келген турист кѳлдүн түндүк жагында эс алууга келип, жоголуп кеткен. Анын айтымында скутердин майы түгөнүп жүрбөй калган. Ошондуктан Ысык-Көлдүн түштүк жээгине сүзүп өтүүгө аргасыз болгонун айтты. Ал Ысык-Көлдө ижарага скутер алып эки күнгө жоголуп кеткен.
«Скутер менен көлдүн башка тарабына өтүп, түштүк жээкти көрүп сейилдеп келейин дегем. Бир аздан кийин бензин түгөнүп калды.Эч кандай коопсуздук кийими жок эле. Карасам, жээктен ѳтѳ алыстап кетипирмин. Аралыгы болжол менен жети чакырым экен. Анан скутерди калак менен айдоого өттүм», — деди турист.
Эс алуучу ошол учурда адам бойлуу катуу толкун башталып, скутери сүрүлүп отуруп, Каракол тарапта болуп калганын билдирди.
Андан кийин түштүк жээке жетип куткарылганын баса белгиледи.
Кошумчалай кетсек, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында эс алууга келген Казакстандын 53 жаштагы жараны 14-июлдан бери дайынсыз болгон. Аны издөө ишине бардык күчтөр тартылган.Турист милицияга көрсөтмө берип жатканда скутер чөгүп кеткенин айткан.