Понедельник, 6 января

Трамп: “Дүйнө жүзү АКШны шылдыңдап атат”

0

Дональд Трамп АКШны “шылдыңдап” атышканын айтып, соңку чабуулдарды чек арадагы көйгөйлөр жана алсыз жетекчилик менен байланыштырды.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп АКШ дүйнө үчүн күлкүгө айланганын айтып, ачык чек араларды жана начар лидерликти айыптады. Бул тууралуу ал Truth Social платформасындагы постунда өлкөдөгү соңку чабуулдарга комментарий берип жатып жазды.

Трамп Демократиялык партияны жана азыркы администрацияны сынга алды. «Биздин өлкө катастрофалык абалда, бизди дүйнө жүзү боюнча шылдыңдап жатышат. Бул ачык чек аралардын жана лидерликтин дээрлик жоктугунун логикалык натыйжасы», — деп баса белгиледи ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз