Понедельник, 6 января

«Түндүк» тиркемесинин кызмат көрсөтүүлөрү көбөйдү

0

Кыргызстанда «Түндүк» тиркемеси аркылуу 171 кызмат жеткиликтүү болуп, 33 жаңы санариптик онлайн-кызматтар ишке киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы «Түндүк» системасы аркылуу 1 миллиарддан ашык транзакция жүргүзүлгөн.

“Жарандар Мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталы аркылуу 2024-жылы эле 16 млн кызмат алышты. Бул мамлекетке жана жарандарга 17,6 млн саат жана 1,3 млрд сом үнөмдөөгө мүмкүндүк берди”,-деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз