Израилдин Газа тилкесинде «мажбурлоо менен жоготкон миңдеген кишинин бири» Кемал Адван ооруканасынын директору Хусам Абу Сафиянын тагдыры коркунучта.
Палестиналык туткундар коомунун билдирүүсүндө, Израиль күчтөрү тарабынан кармалган адис дарыгер Абу Сафиянын «мажбурлоо менен жоготуу кылмышына кабылган миңдеген Газалык туткундун бири» экендиги белгиленди.
Билдирүүдө Израилдин адис дарыгердин камакка алынгандыгын четке какканы эске салынып, Абу Сафиянын тагдырына болгон коркунучтардын убакыттын өтүшү менен эселеп күчөгөндүгү белгиленди.
«Абу Сафиянын 27-декабрда кармалганы боюнча ачык далилдер бар болсо да, оккупациялык күчтөр буга чейин жасаган окшош билдирүүлөрүн кайталап, жарыяланган сүрөттөр жана видеолор менен бошотулган айрым палестиналыктардын билдирүүлөрүн камтыган бул далилдерди четке кагууда»,- деп айтылган билдирүүдө Абу Сафиянын тагдырына толугу менен израилдик жетекчилердин жооптуу экендиги белгиленди.
Эл аралык укук коргоо уюмдарынан бул маселеге кийлигишип, салымын кошуу талап кылынды.
Израиль армиясы 27-декабрда Кемал Адван ооруканасын курчоого алып, медициналык кызматкерлерди жана жарадарларды тышка чыгарууга мажбурлады жана басып алган оорукананын кээ бир жерлерин өрттөдү.
