Буга чейин Кыргызстанда Бишкек-Ош унаа жолундагы туннелдер аркылуу өтүү үчүн кыргыз номурлуу жана ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин мамлекеттик номурлары бар унаалар үчүн ар кандай акы төлөнүүчү тарифтер болгон.
Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 677 токтому менен Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдарды алуунун колдонуудагы тартибине өзгөртүүлөр киргизилди жана Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн унаалары үчүн бирдиктүү жол акы аныкталды.