5-январда саат 23:30дан тартып Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» бекетинде оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу 6-январга караган түндө Транспорт жана байланыш министрлиги кабарлады. Буга ашуулардагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсү себеп болгону, чектөө жүк ташуучу автоунаалардын бардык түрүнө киргизилгени кабарланды.
Мекеме чектөө канча убакытка чейин күчүндө болорун маалымдаган жок.