Вторник, 7 января

Баткен облусунда снаряд жарылды

0
Баткендин Лейлек районуна  караштуу Арка-2 кыштагында снаряд жарылып, 12 жаштагы кыз менен энеси ооруканага түштү. Бул туурасында Чек ара кызматынан кабарлашты.
Алдын ала берилген маалыматта боюнча, жарылуунун себеби А.Н. аттуу аял эски курулуш материалдарынын арасынан тапкан аныкталбаган жарылгыч зат (снаряд) болгон.
Маалыматта: «Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, үй ээси бастырманын астындагы эски курулуш материалдар менен темир буюмдарды жыйнап жатып, белгисиз жарылгыч зат (снаряд) таап алып, ал жарылып кеткен. Анын кесепетинен Н.А. жана андан алыс эмес турган 12 жашар кызы жаракат алышкан», деп айтылды.
Жабыркаган эне менен кызы учурда ооруканада, абалы туруктуу.
Жарылуу болгон жерди УКМКнын Чек ара кызматынын инженерлери дароо курчоого алышкан. Окуя болгон жерде бардык жагдайды аныктоо үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери комплекстүү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатканы айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз