Камакта отурган Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 55 күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Бул тууралуу саясатчынын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.
Ачкачылык кармаган Султанбековдун ден-соолугу тездик менен начарлап жатканы, алы кетип, көзүнүн көрүүсү начарлай баштаганы, сол буту катуу ооруп жатканы айтылат.
Эскерте кетсек, «Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбеков, партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер ноябрдын ортосунда, 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында добуш сатып алууга шектелип кармалган.