Понедельник, 25 ноября

Исфанада оңдолгон милициялык участкалык пункту ачылды

0

Бүгүн, 17-июлда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Исфана шаарында оңдоодон өткөн милициянын участкалык пункту ачылды. Бул тууралуу тиешелуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жерде мындан ары 1 милиция кызматкери үй-бүлөсү менен жашап кызмат өтөйт. Мекеменин аянты 3 сотых, имарат 8 бөлмөлүү. Анда милициянын кызматтык бөлмөсү, ашкана, мейманкана, жатакана, эс алуу бөлмө, жуунучу жай, буюм сактоочу жай каралган. Оңдоо иштерине Исфананын мэриясы 140 миң сом бөлүп берген.

Мекеменин ачылыш аземине ички иштер министринин Алмазбек Орозалиев, Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиев, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз