Понедельник, 25 ноября

Түштүк Кореянын премьер-министри Кыргызстанга келди

0

Кыргызстанга Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён расмий иш сапары менен келди.Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ли Нак Ёнду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Иш сапардын алкагында кыргыз-корей форуму өтөт. Мындан тышкары, аталган өлкөдөн келген 50 компаниянын өкүлдөрү кыргызстандык кесиптештери менен «В2В» форматында жолугат.

Ал эми өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы соода, айыл чарба, туризм, энергетика, транспорт, саламаттыкты сактоо жана маданият жааттарындагы кызматташуу боюнча талкуу жүргүзөт.

Ошондой эле, Ли Нак Ёнду өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кабыл алары айтылды. Анда бир катар документтерге кол коюлат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз