Пятница, 10 января

Түркия Сирияга гуманитардык жардам жеткирүүдө

0

Түркия Сирияга жардам колун сунууну улантууда.

Түрк Кызылайы Сириянын борбор шаары Дамаскта майыптарга жардам таратты.

Жардамдарды бөлүштүрүүгө Дамаск элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Бурхан Көроглу да катышты.

Сирияда мурунку режимдин кулашынан кийин жаңы мезгилдин башталганына көңүлдөрдү бурган Көроглу: «Бул мезгилде Сирияда чоң муктаждыктар бар. Жаңы мамлекет түзүлүүдө. Көптөгөн мекемелер дээрлик токтоп калган. Инфраструктура өтө начар абалда. Элдин муктаждыгы бар. Биз да бул муктаждыктарды канааттандыруу темасында өлкө катары аракет кылабыз»,- деди.

Түрк Кызылайынын Сирия делегациясынын башчысы Ферхат Сүрмели да: «13 жылдын ичинде Сириянын түндүгүндө болдук, бирок Башар Асад режиминин кулашы менен азыр Сириянын ар бир аймагына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук»,-деди.

Түрк Кызылайынын жардам акциясында 250 майып жана муктаж үй-бүлөгө тамак-аш, суу жана жууркан таратылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз