Пятница, 10 января

ИИМдин кызматкерлери УКМКда сурак берди

0
ИИМдин тергөөчүсү жана министрдин орун басары Эркебек Ашихожаевдин айдоочусу УКМКга сурак берди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин айрым ЖМКлар алар пара талап кылууга айыпталып жатканын кабарлашкан.
«Иш жүзүндө баары башкача. Аларды УКМКга күбө катары чакырып, сурактан кийин кое берген», — деп айтылат маалыматта.
Министрлик такталган гана маалыматты таратуу зарылдыгын кошумчалаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз