Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө Кыргызстандын 199 диаспоралык уюму бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, диаспоралардын эң көп саны КМШ өлкөлөрүндө – 135:
- Россияда – 124,
- Казакстанда – 7,
- Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстан жана Украинада – бирден уюм.
Европа өлкөлөрүндө 37 диаспора бар, анын ичинде Түркияда – 7, Германияда – 10, Италияда – 9, Улуу Британияда, Чехияда, Нидерландыда, Бельгияда жана Бенилюкс өлкөлөрүндө – 2ден, Австрияда, Францияда, Литвада, Словакияда жана Швейцарияда бирден.
Азия жана Чыгыш өлкөлөрүндө – Корея, Япония жана Малайзияда – 13, Канадада – 5 жана Америкада – 8, ал эми Африка өлкөлөрүндө жана Египетте бирден гана диаспора бар.
Министрлик тарабынан диаспоралык уюмдар менен иштөө, анын ичинде коопсуз миграция боюнча консультация берүү, юридикалык жана башка жардамдар жүргүзүлүүдө.
Бул үчүн коомдук өкүлдөр институту түзүлгөн, алар эмгек мигранттарына консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүшөт, анын ичинде полиция бөлүмдөрүндө, сот жана мамлекеттик органдарда алардын кызыкчылыгын көздөшөт.