«Санарип кампа” билим берүү платформасы пилоттук режимде иштей баштады.
Ведомстводон билдиришкендей, табигый илимий предметтер (STEM) – математика, физика, биология, химия жана география боюнча кошумча окуу материалдарын камтыган «Санарип кампа» санариптик билим берүү платформасы 5-11-класстарга арналган.
Платформа мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде берүү максатында иштелип чыккан. Платформа төмөндөгүлөрдөн турат:
• Видеосабактар;
• Презентациялар;
• Интерактивдүү симуляторлор;
• Инфографика;
• 3D-моделдер;
• Тесттик көнүгүүлөр.
Мугалимдер платформаны колдонуу менен сабактарды кызыктуу, жеткиликтүү жана интерактивдүү өтүп, берилген тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөп, жыйынтыктарды баалай алышат. Окуучулар болсо темаларды өз алдынча үйрөнүп, тесттер аркылуу билимин текшере алышат. Бул мугалим менен окуучунун ортосундагы карым-катышты жакшыртып, окуу процессин өркүндөтүү үчүн кайтарым байланышты камсыз кылат.
Мугалимдер платформадагы маалыматтарды колдонуп эле тим болбостон, өздөрү да жаңы сабактарды даярдай алышат, жасалма интеллекттин жардамы менен автоматтык түрдө тесттерди түзүүчү системаны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Белгилей кетсек, платформанын негизинде жаңыдан иштелип чыккан «Э-күндөлүк» – окууну башкаруу системасы «Санарип кампанын» бир тутуму катары иштейт.
«Санарип кампа» платформасы билим берүү процессин санариптештирүүгө, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен сапатын жогорулатууга багытталган. Ал мугалимдер жана окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Платформа Билим берүү жана илим министрлигинин учурдагы тутумдары менен интеграцияланган, бул маалыматтарды чогултууну жана талдоону борборлоштурат.
Платформа пилоттук режимде иштеп жатканына байланыштуу толуктоо, өзгөртүү киргизүү максатында колдонуучулардан сунуш-пикирлер кабыл алынат. Ал үчүн платформанын (https://stem.edu.gov.kg/) ичиндеги «Пикир билдирүү» бөлүгүнө комментарий калтырса болот.
Эске салсак, аталган санариптик билим берүү платформасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында иштелип чыкты.