Америка Кошмо Штаттарындагы Калифорния штатында жети күндөн бери жаратылыш өртү уланууда. Эвакуацияланган аймактардын айрым тургундарына өз үйлөрүнө кайтып келүүгө жана үйлөрүн текшерүүгө уруксат берилди.
Муну менен катар Лос-Анжелесте миңдеген үйлөрдү жок кылган жана кеминде 24 кишинин өмүрүн алган өрт карй күчөшү мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат. Күчтүү шамалдардын Лос-Анжелеске кайра кайтып келиши күтүлүүдө.
Аймакка кошумча суу танкерлери жана көптөгөн өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлдү. Учактар үйлөрдүн жана токойдун үстүнө кызыл түстөгү өрт өчүрүүчү химикаттарды чачып жатышат, ал эми өрт өчүрүүчү унаалар кургак чөптөр көп болгон желерге жайгаштырылды. Көп сандагы суу ташуучу унаалар да аймакта болуп жатат.
KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ
аймак алдын алуу. Тармактык өнүгүү башкаруу бийлик жайылыш жакшыртуу жарандар Жаратылыш жер Калифорния киргизүү колдоо коомдук коопсуздугу коопсуздук көчкү кризис кургак куткаруу күйүүчү кызматкерлердин кызматташтык кырсык кырсыктар маалыматтык кампаниялар мамлекеттик материал окуу операциялар өрт өрт өчүрүүчү пландар процесс саламаттыкты сактоо суу суу ташкыны танкер тармактык температура технологиялар тургундар унаа учак уюштуруу үйлөр химикат чөп Шамал шарттар эвакуация экология экологиялык абал. Эмгек