Четверг, 16 января

Израил менен ХАМАС ок атышпоо келишине кол койду

0

Катар Израил менен ХАМАС ортосундагы атышууну токтотуу жана Газадагы туткундарды алмашуу боюнча келишимге жетишкенин жарыялады. Бул келишим кийинки жекшембиде күчүнө кирет.

Катар өкмөтүнүн премьер-министри жана тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдулрахман Аль-Тани Дохада өткөн маалымат жыйынында ХАМАС менен Израил ортосундагы атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымдады. Аль-Тани тараптар атышууну токтотууга, туруктуу тынчтыкты калыбына келтирүүгө жана Газада туруктуу ок атышпоону камсыздоого, ошондой эле туткундарды алмашууга макулдашканын билдирди. Ал белгилегендей, Газадагы ок атышпоо келишиминин ишке ашырышы кийинки жекшембиден башталат.

Анын айтымында, келишимдин биринчи этабы 42 күнгө созулат. Биринчи этаптын жүрүшүндө ХАМАС 33 израильдик туткунду бошотот, ал эми алмашуу үчүн камактагы айрым палестиналык бошотулат.

Келишим Израилдин Газа секторуна болгон чабуулу башталган күндөн тартып 467 күн өткөндөн кийин жетишилди, анын натыйжасында 156 миңден ашык адам каза болуп, жаракат алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз