Бишкектеги тойканалардын бири бир гана мамлекеттик тилде тейлөөгө өтүүдө. Бул тууралуу “Улуттук нарк” сынагынын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо аземинде, иш-чаранын демөөрчүсү, “Заман” тойканасынын негиздөөчүсү Мирлан Мамат уулу билдирди.
Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тарта “Заман” тойканасы бир гана мамлекеттик тилде тейлейт.
“Бирок заман талабына ылайык элдердердин аң-сезими бул нерсеге көнбөгөндүктүн туура эмес кабыл алуусу мүмкүн. Бирок, мен болгон күчүмдү жумшайм”, — деди ал.