Орусия Азербайжан аба жолдорунун (AZAL) жүргүнчү учагынын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу соттук териштирүүнүн жүргүзүлө тургандыгын жарыялады.
Орусиянын Тергөө комитети 25-декабрда Орусиянын аба мейкиндигиндеги аткылоодон жабыркаган Азербайжандын жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө окуя боюнча иликтөөнүн Азербайжан жана Казакстандын тиешелүү мекемелери менен карым-катнаштын уланып жатканы, Бразилиядагы учак кырсыктарын изилдөө жана алдына алуу борборунда (SENIPA) учактын кара кутуларынан алынган маалыматтардын каралып жаткандыгы билдирилди.
«Учурда аба кыймылын башкаруу кызматынын, аба кыймылын башкаруу системасынын жетекчилеринин аракеттерине баа берүү үчүн комплекстүү техникалык соттук-медициналык иликтөө жүрүп жатат. Бардык ыктымалдуу себептер боюнча иш жүргүзүлүүдө»,- деп айтылды маалыматта.
2024-жылдын 25-декабрында Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку-Грозный каттамындагы АЗАЛга таандык Embraer 190 үлгүсүндөгү учак кулап түшкөн. Кырсыктан 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган.
AZAL учактын тышкы физикалык жана техникалык кийлигишүүнүн натыйжасында кулагандыгын жарыялады.
Азербайжан бийлиги учакка орус «Пантсир-С» абадан коргонуу системасы тарабынан чабуул жасалганын тастыктаган.
Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, AZAL учагы атып түшүрүлгөн «трагедиялуу окуянын орус аба мейкиндигинде болушунан улам» кечирим сураган.