Азербайжан жана Армениянын вице-премьер-министрлеринин жетекчилигиндеги чек араны белгилөө комиссиялары эки өлкөнүн чек арасында жолугушту.
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринен берилген маалыматка караганда Азербайжандын вице- премьер- министри Шахин Мустафаев менен Армениянын вице- премьер- министри Мхер Григорияндын жетекчилигиндеги чек араны белгилөө комиссияларынын 11 -жыйыны эки өлкөнүн чек арасында өттү.
Жыйында тараптар чек араны белгилөө иштерине Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы жана Грузия Республикасынынчек араларынын кесилишкен жериндебаштоо үчүн түндүк- түштүк багытында улантылышы жана Армения -Азербайжан-Иран чек ара кесилишинде аяктоо тууралуу да макулдашышты.
Чек араны белгилөө иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу нускамалардын долбоорун да талкуулаган тараптар, кийинки жолугушуунун датасы жана өткөрүлө турган жери, жумушчу топтун деңгээлиндеги консультациялар аркылуу аныкталышы боюнча макулдашышты.