Орус армиясынын Украинанын Кривий Риг шаарына жасаган ракеталык кол салуусунда алгачкы маалыматтарга караганда 4 киши каза болуп, 5 киши жараланды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык медиа баракчасындагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, орус армиясынын өлкөсүнүн Кривий Риг шаарына ракеталык чабуул жасаганын жарыялады.
Кол салууда баллистикалык ракеталардын колдонулганын баса белгилеген Зеленский, шаардагы билим берүү мекемеси, көп кабаттуу үйлөр жана шаар инфраструктурасынын жабыркаганын кабарлады.
Учурдагы маалыматтарга караганда кол салууда 4 кишинин каза болгонун айткан Зеленский, окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын билдирди.
Шаарга жасалган ракеталык кол салууну террордук чабуул катары баалаган Зеленский, союздаштары менен биргеликте Орусиянын чабуулдарын токтото алуулары керектигин маалымдады.
Украинанын Днепропетровск областынын Аскердик башкармалыгынын башчысы Сергей Лисак да социалдык медиа баракчасынан Кривий Ригдеги кол салууда ушул убакка чейин алган маалыматка караганда 5 кишинин жараланганын айтты.