ХАМАСтын аскердик канаты «Аль-Кассам бригадасы» ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу боюнча келишимдин биринчи этабынын алкагында 3 израильдик аял туткунду Кызыл Кресттин өкүлдөрүнө өткөрүп берди. Кызыл Кресттин командасы Газа шаарындагы Сарайя аянтында 3 израилдик аял туткунду кабыл алды. Туткундарды өткөрүп берүү операциясына миңдеген палестиналык көз салып турду. Бул учурда «Аль-Кассам бригадасы» мүчөлөрүнүн толук даярдыкта экени байкалды. Израил армиясынын билдирүүсүнө ылайык, Кызыл Крест 3 израилдик туткундун өз колуна өткөнүн маалымдады.
Израил менен ХАМАС ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу боюнча келишимге 15-январда Катарда кол койгон. Үч этаптан турган келишимдин алкагында 33 израилдик туткун бошотулат. Келишим гуманитардык жардамдын Газага жеткирилүүсүн жана палестиналыктардын өз үйлөрүнө кайтуусун камсыздайт. Экинчи жана үчүнчү этаптардын деталдары биринчи этап аяктагандан кийин жарыяланат.