Среда, 22 января

Өлкө аймагында бир аптада эле 100гө жакын өрт катталды

0

Өлкө аймагында бир аптада 95 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Ошондой эле 49 адам эвакуацияланган.

Учурда материалдык чыгымдын көлөмү такталууда.

Кечээ Бишкек шаарынын Н.Исанов көчөсүндө көп кабаттуу турак үйдүн экинчи кабатынан чыккан өрт саат 12:27де толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин саат 11:22ден тарта 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган. Көп кабаттуу турак үйдөн 55-60га жакын адам эвакуацияланган.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок, учурда тилсиз жоонун аянты жана кырсыктын себептери такталууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз