Четверг, 23 января

Кар жаап, суук болот. Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсү

0

Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 22-23-январда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

23-январда күндүз жана 24-25-январда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20°, түндүгүндө -19…-24°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, Кара-Буура районунда -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -18…-23°, күндүз -7…-12°, тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -31…-36°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз