Дональд Трамп Вашингтондогу жеңиш митингинде тарапкерлерине кайрылды. Саясатчынын 20 миңден ашуун колдоочулары Вашингтондун борборундагы Capital One Аренага чогулушту. Эртең ушул убакта Трамптын инаугурациясы болот.
Трамт токтолгон негизги маселелер:
«Эртең түштө Американын төрт жыл бою төмөндөөсүнө көшөгө жабылат — жана биз Американын күчү, гүлдөп-өнүгүүсү, кадыр-баркы жана сыймыгы болгон жаңы күндү баштайбыз» — деди Трамп.
— Трамп Америка Кошмо Штаттарын коргоо үчүн «Темир купол» ракетадан коргонуу системасын түзүүнү аскерлерге тапшырат.
— Ал Украинадагы жаңжалды токтотууга жана үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышына жол бербөөгө убада берди.
— АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди менен Мартин Лютер Кингдин өлтүрүлүшү боюнча документтердин сырын ачыкка чыгарууга убада берди.
— «Байдендин бардык акылсыз буйруктары 24 сааттын ичинде жокко чыгарылат.»
— «Элестете аласыңбы, TikTok кайтып келди?» — деген Трамтын сөзүнө чейин АКШ өлкөдөгү социалдык тармакты бөгөттөн чыгарды.
— Ал дагы бир жолу мурунку шайлоолор бурмаланып, өзү жеңгенин айтты.
— Ал инаугурациядан кийин анын жактоочулары АКШнын элин «абдан ыраазы кыла турган президенттик жарлыктарга күбө болушат» — деп билдирди.
— Ал АКШга «түштүк чек арадан басып кирүүнү» токтотуп, өлкөдө мунай өндүрүүнү «бөгөттөн чыгарабыз» деп убада берди. 20-январдын кечинде АКШда мыйзамсыз иммигранттарга жана кылмыштуу топторго каршы согуш жарыяланат.
— Натыйжалуулук департаментин Илон Маск жетектейт. Масктын сөзүнөн кийин Трамп: «Биз генийлерибизди коргошубуз керек, анткени бизде алар анчалык көп эмес» — деди.