Среда, 22 января

Газага миңдеген тонна гуманитардык жардам жеткирилүүдө

0

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Израиль менен Хамастын ортосунда кечээ башталган ок атышпоонун биринчи күнүндө гуманитардык жардам ташыган 630дан ашуун фуранын Газа тилкесине киргенин билдирди.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары жана чукул жардам координатору Том Флетчер, ок атышпоодон кийин Газага гуманитардык жардам көрсөтүү аракеттерине байланыштуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

Флетчер ок атышпоонун биринчи күнүндө Газага гуманитардык жардам ташыган 630дан ашуун жүк ташуучу унаанын жөнөтүлгөнүн айтты.

Бул жардам унааларынан кеминде 300үнүн Газанын түндүгүнө жөнөтүлө турганын жана жардамдын эң кыска убакытта аймакка жеткирилиши керектигин баса белгилеген Флетчер: «15 айга созулган тынымсыз согуштан кийин гуманитардык муктаждыктар чоң өлчөмгө жетти. Убакытты текке кетирүүгө болбойт»,-деди.

Израиль менен Хамастын ортосундагы туткундарды алмаштыруу жана Газада ок атышпоону камтыган келишим кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:15те күчүнө кирген.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери уланып жаткан кол салуулары жана Тель-Авивдин тоскоолдуктарынан улам Газада жашаган 2,3 миллион палестиналык ачарчылык жана азык-түлүк кризисине туш болду.

Ок атышпоонун алкагында күн сайын Газага гуманитардык жардам ташыган 600 фуранын жеткирилиши максат кылынууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз