Среда, 22 января

Ошто жол инспектору пара менен кармалды (Видео)

0

Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору системалуу түрдө акча чогултканы үчүн кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгындагы мыйзамсыз иш-аракеттерди аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым инспекторлор системалуу түрдө жол кыймылынын эрежелерин бузгандардан акча каражатын опузалап талап кылуу менен алектенишкени аныкталган.

Материалдык пайда табуу максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айрым инспекторлору жол эрежесин бузгандардан мобилдик капчыктарын толтурууну талап кылып, алардын ордуна административдик бузуулар боюнча тиешелүү протоколдорду түзүшкөн эмес.

Мындан улам үстүбүздөгү жылдын 15-январда ИИМдин Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору милициянын старшинасы Ж.У.А. кармалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз