Орусияда жүргөн кыргызстандыктарга легалдаштыруунун тартиби түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Министрликтен эскертишкендей, 2024-жылдын 30-декабрында Орусияда чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына 2025-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейинки мезгилде өзүнүн укуктук статусун жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берген Орусиянын президентинин жарлыгына кол коюлган.
Ушуга байланыштуу Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү өлкөдө мыйзамсыз жүргөн КР жарандарын маалымдоо боюнча ишти активдештирди. Кыргызстандыктар массалык түрдө жашаган жерлерге баруу жана диаспоралык уюмдар менен жолугушуу графигин камтыган атайын план иштелип чыкты. Бул иш-чаралардын негизги максаты – мыйзамдаштыруу жана укуктук статусту жөнгө салуу тартибин түшүндүрүү.
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн эскертмелер даярдалып, популярдуу WhatsApp жана Telegram группаларда жайгаштырылды. Эскертүүлөр мыйзамдаштыруу үчүн зарыл болгон кадамдар, Орусия мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөр жана талаптар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Жакын арада Орусиянын ыйгарым укуктуу органдары менен жолугушуулар пландаштырылып, анда Орусиянын президентинин жарлыгын ишке ашыруунун негизги маселелерин талкуулоо жана мыйзамдаштыруу жол-жобосун тактоо пландаштырылууда.
КР Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырууну каалаган жарандарга колдоо көрсөтүүнү улантууда.