Среда, 22 января

Франциянын соту Башар Асадды камакка алууга ордер чыгарганды

0

Франциянын соту Сириядагы Баас режиминин кулатылган лидери Башар Асадды камакка алууга ордер чыгаргандыгы белгиленди.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро  X аккаунтунда жарыялаган билдирүүсүндө : «Франциянын сот системасы Башар Асадды камакка алуу үчүн ордер чыгарды.  Седная абагында көргөн режимдин үрөй учурган кылмыштары жазасыз калбашы керек. Франция сириялыктар үчүн адилеттиктин ордун табышы тууралуу аракет кылууда жана аракет кылууну улантат»,- деди.

Франциянын Улуттук Терроризмге каршы прокуратурасынан (Pnat) берилген маалыматка караганда, Пнат 2017-жылы Сирияда каза болгон Сирия тектүү бир француз жаранынын өлүмү боюнча башталган иликтөөнүн алкагында 16-январда Асад үчүн камакка алуу буйругун талап кылган.

Француз сотунун булактарынан берилген маалыматка караганда, тергөөдөн жооптуу судьялар Асадды 20-январда киши өлтүрүү жана карапайым калкка каршы атайын кол салуулардан улам согуш кылмыштарына катыштыгы бар деген негиз менен камакка алуу буйругун чыгарышты.

Барро жана Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок Сирияда Баас режими кулатылгандан кийин 3-январда борбор шаар Дамасктагы кыйноо базасы болгон Седная түрмөсүн текшерди.

Франция соту 2023-жылдын 15-ноябрында Асадга адамзатка каршы кылмыштарга жана согуш кылмыштарына көмөкчү болгон деген айып менен камоого ордер чыгарган.

Сот Асадды 2013-жылы Сириянын Чыгыш Гута аймагындагы химиялык чабуулдардан улам адамзатка каршы кылмыш кылган жана согуш кылмыштарына шериктеш болгон деп айыптаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз