Четверг, 23 января

Мексика мигранттарды өз өлкөлөрүнө кайра жөнөтөт

0

Америка Кошмо Штаттарына кирүү үчүн Мексикага келген мыйзамсыз иммигранттар өздөрүнүн өлкөлөрүнө кайра жөнөтүлөт. Бул тууралуу Мексиканын президенти Клаудиа Шейнбаум Мехикодогу Улуттук сарайда өткөн брифингде билдирди.

«Борбордук Американын бардык өлкөлөрү менен, өзгөчө Гватемала менен келишим бар, жада калса жакында эле ушул максатта жолугушуу болду. Куба менен келишим бар. Мыйзамсыз мигранттар Мексиканын аймагына эмес, алар келген жерине түз жөнөтүлүшү керек», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Ошол эле учурда президент Мексикадагы мыйзамсыз мигранттарга гуманитардык жардам көрсөтүлөөрүнө ишендирди. «Эгерде бул адамдар Мексикада болсо, биз аларга гуманитардык себептерден улам көңүл бурабыз, бирок биздин иммиграция саясатыбыздын бир бөлүгү катары, биз алардын өздөрүнүн өлкөсүнө кайтып келишин каалайбыз, анткени алар чет элдиктер», — деди Шеинбаум.

Президент Мексика бийлиги мигранттардын абалы боюнча АКШнын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчы бийликке келгенден бери биринчи кезекте мигранттарды өз ыктыяры менен мекенине кайтарууга үндөгөнүн кошумчалады.

Инаугурация аземинен кийин АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдөгү мигранттардын абалына көңүл буруп, 2019-жылдагыдай эле АКШ-Мексика чек арасында өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, мыйзамсыз миграциянын алдын алып, мыйзамсыз иммигранттарды депортациялай турганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз