Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Ал эми президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Далиев Уланбек Эшенович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.