Суббота, 20 апреля

Анкара, Moсква, Баку жана Тегеран санариптик технологияларды рыногун түзөт

0

Түркия, Азербайжан, Россия жана Иран маалыматтык технологиялар тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү ниетинде.

Тегеранда Түркия, Азербайжан, Орусия, Иран малекеттеринин байланыш  министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү. 

Жыйынга Түркия Technology (BTK) менен маалымат жана байланыш бөлүмүнүн башчысы Өмер Абдуллах Карагезоглу, Түркиянын транспорт жана ифраструктура министирлигинин  байланыш бөлүмүнүн башчысы Гекхан Эврен, Азербайжандын байланыш жана жогорку технология Рамин Гулузаде, Россиянын санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык байланыш министри Константин Носков, Ирандын байланыш жана маалыматтык технологиялар министри  Мохаммад Джавад Азери Джахроми катышты.

Жолугушуу ортодогу кызматташтыкты чыңдоого багытталганын Карагезоглу баса белгиледи.Анын айтымында Түркия, Азербайжан, Россия жана Иран маалыматтык технологиялар жаатында кызматташтыкты ѳнүктүрүүгѳ кызыкдар.

Ал эми Иран министри акыркы жылдары Түркия, Азербайжан, Россия жана Иран министрлери  санариптик технологиялар рыногун түзүү үчүн жана санарипти ааламдаштыруу максатында жолугушууларды өткөрөрүнѳ токтолду.

Джахроми  тараптар бир жылда санарип технологиялары боюча эки масштабдуу көргөзмө ѳткѳрүү боюнча макулдашууга келди деп билдирди. Анын айтымында, ар бир өлкөдө, көргөзмө башка үч мамлекеттин колдоосу менен уюштурулат.

Россиянын санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык байланыш министри Константин Носков, өкүлдөр ортосунда системалуу ири көргөзмөлөр жана жумушчу жолугушуулар пландаштырылууда

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз