Пятница, 3 мая

Түркия АКШынын F-35 боюнча чечимин сынга алды

0

Анкара Вашингтондун бул кадамдары эки тараптуу мамилесине орду толгус зыян алып келиши мүмкүн деп ойлошот.

АКШнын бешинчи муундагы F-35   согуштук учактары өндүрүү программасынан Анкараны чыгаруу чечими эки тараптуу мамилелер үчүн орду толгус зыян алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Түркиянын ТИМдин билдирүүсүндѳ айтылат.

“АКШны биздин стратегиялык мамилелер үчүн орду толгус зыян алып келе турган туура эмес чечимден кайтууга чакырабыз”,-деп билдирүүдѳ айтылат.

Андан тышкары ал бул бир жактуу кадам кызматташуунун эч кандай укуктук ченемдик келишимдерге туура келбесин баса белгиледи.


“Негизги ѳнѳктѳшү болгон Түркияны F-35 өндүрүү программасынан чыгаруу адилетсиз.  Ошондой эле, Аба чабуулунан коргонуу системасы С-400 F-35ти алсыздандырары тууралуу айыптоолору негизсиз”,-деди билдирүүсүндѳ.

Түркиянын тышкы иштер министрлиги Вшингтон C-400 НАТОнун өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргелешкен жумушчу топ түзүү жөнүндө Анкаранын сунушун четке кагып келет деп эскерет: «Бул көйгөйдү чечүү үчүн ак ниеттүүлүк менен америкалык тараптын каалоосу жоктугунун айкын далили.»

Буга чейин, Ак үй жана АКШнын Коргоо министрлиги билдирүү жасап, бешинчи муундагы F-35 согуштук өндүрүштүк программасы боюнча Анкарада четтетилгенин кабарлаган. 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз