Пятница, 15 мая

«Кыргызтелекомдун» имараты 1,56 миллиард сомго сатылат

0
«Кыргызтелекомдун» Чүй, 96 дарегиндеги имараты сатылууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган имаратты тейлөөгө 20 миллион сом коротулат, ошол эле учурда анын теңинен көп бөлүгү бош турат. Тарыхый эстелик болгондуктан аны жаңылоого чоң каражат талап кылынары айтылды.
Көз карандысыз компания имараттын наркын 1,56 миллиард сомго баалап, ал «Айыл банкка» сатылары жана бул имараттын мамлекеттик менчикте калышын камсыздай турганы белгиленди.
Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалары кошумчаланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз