Воскресенье, 7 декабря

Актауда кулаган учак боюнча жыйынтыктын келерки аптада чыгышы күтүлүүдө

0

Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйроого учураган «Azerbaycan Airlines» (AZAL) учагынын иликтөөсүнүн алгачкы жыйынтыгы келерки аптада чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын вице-премьер-министри Канат Бозумбаев өкмөттүн брифингинде билдирди.

Ал белгилегендей, Казакстан, Азербайжан жана Орусиянын эксперттери менен бирге Эл аралык жарандык авиация уюмунун өкүлдөрү да иликтөөгө киришкен.

«Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына ылайык, авиация бийлиги бир ай бою аба кырсыгы боюнча иликтөө жүргүзөт. Алдын ала жыйынтык кийинки жумада чыгат деп үмүттөнөбүз», — деди Канат Бозумбаев.

Азербайжандын AZAL авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга учкан Embraer 190 учагы 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерге кулап түшкөн. Учактын ичинде беш экипаж мүчөсү жана 62 жүргүнчү болгон. Авиакырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29у аман калган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз