Среда, 19 февраля

“Жакшылык” кемеси Газага жакындады

0

Түркиядан Газага карата жолго чыккан 871 тонна гуманитардык жардам ташыган «Жакшылык кемеси» Египетке барды.

Апаат жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы АФАДдын координациясында Газа үчүн даярдалган «14 —  Жакшылык кемеси» кечээ Мерсин портунан жолго чыгып, бүгүн Египеттин Аль-Ариш портуна барды.

Кемеде 10 миң 460 чатыр, 14 миң  350 жууркан,  20 даараткана жана душ кабинасы менен 300 генератор бар.

Жардамдар 2023-жылдын октябрь айынан бери Израилдин кол салууларына кабылган Газада муктаж адамдарга таратылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз