Четверг, 20 февраля

АКШда кулаган учакта Орусиянын дүйнө чемпиондору болгон

0

АКШда кыйраган учакта Орусиянын фигуристтери менен дүйнө чемпиондору болгон. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “ТАСС” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“Тилекке каршы, ушундай кайгылуу маалыматтар тастыкталып жатат. Учакта машыктыруучулары менен ата-энелерин эсепке албаганда Орусиянын 14 фигуристи жана көркөм муз тебүү боюнча дүйнө чемпиондору Евгения Шишкова менен Вадим Наумов болгон”, — дейт президенттин басма сөз катчысы.

Эске салсак, күн мурун Рональд Рейган Вашингтон аэропортуна жакын жерде American Airlines жүргүнчү учагы менен америкалык армиянын Black Hawk тик учагы асманда кагылышкан. Учак Канзас штатынан учуп бараткан, бортунда 60 жүргүнчү жана 4 экипаж мүчөсү болгон. Тик учактын бортунда кеминде үч аскер кызматкери болгон.

Кагылышуудан кийин учак Потомак дарыясына кулап түшкөн. Каргаша болгон жерде издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз