“USAID өлүшү керек» — деди АКШнын DOGE министри Илон Маск. Ал бул сөздү анын министрлигине USAID өзүнүн системасына кирүүгө макулдук бербей койгондон кийин айтты.
“USAID бул кылмыштуу уюм. Анын өлөр убагы келди» — деп жазды Илон Маск.
Кийинчерээк Маск дагы бир жолу USAIDди “кылмыштуу уюм” деп атаган билдирүүсүн жарыялаган. Бул жолу ал “Интернеттеги эркиндик” фондунун (FFO) аткаруучу директору Майк Бенцтин айткандарына кошумча катары айтты. FFO ачык интернетти жактаган онлайн укуктарды көзөмөлдөөчү топ.
Өзүнүн постунда Бенц USAIDдин ишмердүүлүгү, атап айтканда, анын «Борбордук чалгындоо башкармалыгынын алдамчылык ишмердүүлүгүндөгү негизги ролуна» токтолгон.
20-январда АКШнын президенти Дональд Трамп USAIDдин эл аралык жардам көрсөтүү программаларын 90 күнгө тоңдурган буйрукка кол койду. Бул убакыттын ичинде алардын «натыйжалуулугун жана Кошмо Штаттардын тышкы саясатына шайкештигин» баалоо пландаштырылууда.