Воскресенье, 18 мая

Президент Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

0
Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Президенттик администрация өлкө башчынын сапары 4-февралдан 7-февралга чейин уланарын билдирди.
Буга чейин «Синьхуа» агенттиги Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып Жапаров аталган өлкөгө КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барарын жазган.
Алдыдагы сапардын чоо-жайы азырынча айтыла элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз