Киото шаарындагы анимациа студиасынын иммараты ѳрттѳнүп, 33 адам каза болду. Тиешелүү бийлик ѳкүлдѳрүнүн маалыматы боюнча 36 адам жабыркаган.
Кырсык болгон жерде 41 жаштагы кылмышка шектүү адам кармалды. Күбѳлѳрдүн айтымында ал студияга бензин чачып жатканын жана «Ѳлгүлѳ!» деп кыйкырганын кѳрүшкѳн.
Студиянын маалыматына ылайык кырсык болгон учурда иммаратта 70 тей адам болгон.
Жапониянын NHK телеканылы кѳрсѳткѳндѳй, полиция кызматкерлери кырсык болгон жерде шектүү адамды кармаган. Маалыматка ылайык, ѳрттүн алдында шектүү адам иммараттан алыс эмес жердеги май куючу жайдан 40 литр бензин алганы маалым болду. Шаар тургундарынын бул окуяга айран таң болушууда.
Ѳрттү 5 сааттан кийин ѳчүрүлгѳн ага 30 отряд тартылган. Анимациялык студиясынын ѳрттѳлүшү XXI –кылымдагы Япониянын кайгылуу окуяларынын бири болуп саналат.
Кошумчалай кетсек, Киото – Хенсю аралындагы Япониянын мурдагы борбор шаары. Шаар тарыхий баалуулуктары менен белгилүү.