Понедельник, 25 ноября

Англиялык жана америкалык балдар менен кытайлык балдардын  кыялдары ар башка

0

Англиялык жана америкалык балдар чоңойгондо YouTubeда атактуу болууну кааласа, кытайлык балдар космоско учууну самашат. Бул маалымат АКШ, Англия жана Кытайда жүргүзүлгөн 8 жаштан 12 жашка чейинки балдар арасындагы сурамжылоонун жыйынтыгы кѳрсѳттү.

Сурамжылоо Аполло-11 миссиясынын 50 жылдыгынан улам бир оюнчук фирмасы үчүн Харрис Полл компаниясы тарабынан жүргүзүлгѳн.

Сурамжылоого 3 миң баланын катышкандыгы, АКШ менен Англияда жашаган балдардын чоңойгондо эң көп видео бөлүшүүчү же YouTube колдонуучусу болууну, кытайлык балдардын 56 пайызынын болсо астронавт болгусу келгени аныкталган.

Сурамжылоодо балдарга, кыялдарындагы кесип катары астронавт менен катар музыкант, дасыккан спортчу, мугалим жана YouTube колдонуучусу альтернативалары да сунушталды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз