Палестиналыктар «өз жеринде жөн гана адам катары жашоого» укуктуу. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Палестина элинин ажырагыс укуктарын ишке ашыруу боюнча комитеттин сессиясынын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.
Уюмдун басма сөз кызматы Гутерриштин: «БУУ тынчтыкты, туруктуулукту жана Палестина элинин ажырагыс укуктарын толугу менен жактайт», — деген сөзүн билдирди.
“БУУнун башкатчысы эл аралык коомчулукту палестиналыктарды тынчтык жана туруктуулукка умтулуусун колдоого чакырды,” — деп билдирди БУУнун басма сөз кызматы.
Гутерриш Газа тилкесинин 50 миңге жакын жашоочусу, алардын 70 пайызы аялдар жана балдар курман болгонун, жарандык инфраструктуранын көбү, анын ичинде ооруканалар, мектептер жана суу чарба объектилери талкаланганын эске салды.
Баш катчы ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча келишимди дагы бир жолу кубаттап, арачыларга – Египет, Катар жана АКШга аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.
Гутерриштин айтымында, БУУнун кызматкерлери муктаж болгон палестиналыктарга жардам жеткирүү үчүн күнү-түнү иштеп жатышат. БУУнун башкатчысы аларга гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз жеткирүүгө чакырды.
Ал ошондой эле эл аралык коомчулукту Палестина автономиясын колдоого чакырып, «Палестинанын күчтүү жана бирдиктүү башкаруусу өтө маанилүү экенин» белгиледи.
