Азербайжандын бийлиги өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөн «Россотрудничество» агенттиги боюнча Москвага расмий нота жиберди. Кийинчерээк Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында бул тууралуу расмий маалымат жарыяланды.
— «Россотрудничествонун» өкүлчүлүгү катары саналган «Орус үйү» маалымат-маданий борбору юридикалык жак катары каттоодон өткөн эмес, — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, «уюм Азербайжандын мыйзамдарын олуттуу бузгандыктан, 3-февралда Москвага «Орус үйүнүн» ишмердүүлүгүн токтотуу тууралу нота жиберилген» жана орус тараптан «тиешелүү чаралардын кабыл алынышы» күтүлүп жатат.
Буга чейин мамлекетке караштуу Baku.tv телеканалы «Орус үйүнүн» ишмердүүлүгү тууралуу репортаж жарыялап, анын кызматкерлерин тыңчылыкка айыптаган.
