Түркиянын калкынын саны 85 миллион 664 миң 944кө жетти.
2024-жылдын 31-декабрына карата Түркияда жашаган калктын саны өткөн жылга салыштырмалуу 292 миң 567 кишиге өсүп, 85 миллион 664 миң 944 кишиге жетти.
Көрсөткүчтөргө караганда эркектердин саны 42 миллион 853 миң 110, аялдардын саны 42 миллион 811 миң 834 болду.
Башкача айтканда, жалпы калктын 50,02 пайызын эркектер, 49,98 пайызын аялдар түздү.
Дарекке негизделген калкты каттоо системасынын (ADPRS) жыйынтыгына караганда Түркияда жашаган чет элдик калктын саны өткөн жылга салыштырмалуу 89 миң 996 кишиге азайып, 1 миллион 480 миң 547 киши болду.
Бул калктын 48,3 пайызын эркектер, 51,7 пайызын аялдар түздү.
Стамбулдун калкы өткөн жылга салыштырмалуу 45 миң 678 кишиге өсүп, 15 миллион 701 миң 602 кишиге жетти.
Түркия калкынын 18,3 пайызы жашаган Стамбулдан кийин 5 миллион 864 миң 49 киши менен Анкара, 4 миллион 493 миң 242 киши менен Измир, 3 миллион 238 миң 618 киши менен Бурса жана 2 миллион 722 миң 103 киши менен Анталья турат.
Байбурт 83 миң 676 киши менен эң аз калкы бар облус болду.
Байбурттан кийин калктын санынын аздыгы жагынан 86 миң 612 киши менен Тунжели, 91 миң 354 киши менен Ардахан, 142 миң 617 киши менен Гүмүшхане жана 156 миң 739 киши менен Килис турат.