Бүгүнкү күндѳ Адамдын сүрөтүн картайтып көрсөткөн мобилдүү тиркеме Интернетте жайылып рекорд коюуда. Бул тиркемени колдонгондордун көпчүлүгү 30-45 жаш куракта, бул учурда адамдар карылык же өлүм эмне экенин ойлоно баштайт. Ошондуктан өлүм коркунучу, анын реалдуулугу адамдарды аны менен ойногонго мажбур кылууда.
Психологдор мындан адамдын жан дүйнѳсүндѳ жаткан ар кандай коркунучтардын, тынчсыздануулардын себеби кѳрүшѳт.Бул сезимдерди жаштардын карылык же өлүм коркунучун жеңүү, аны менен оюн-тамаша кылуу аракетин көрүшѳт.
Сүрөттөрдү «картайтуу» же «жашартуу» 2017-жылы түзүлгөн тиркеменин жаңы функциясы. Мындан мурда FaceApp тиркемесинде ар кандай чач жасалгасын сынап көрүүгө же өзүңдүн башка жыныстагы сүрөтүңдү көрүүгө болот эле.
Акыркы маалыматтарга ылайык FaceApp азыр эң популярдуу тиркемелердин ичинде биринчи орунга чыкты, Google Play аркылуу аны жүктөгөндөр 50 миллионго чыкты.
Нейрондук тармак базасында иштеген Апп россиялык компания Wireless Lab тарабынан чыгарылган. Анын башчысы Ярослав Гончаров мурда Яндексте иштеген.
Ошол эле учурда колдонуучулардын маалыматтары эмне болорун, аны ким көрүшү мүмкүндүгүн санариптик эксперттердин ичинен эч ким билбейт. Бирок юзерлердин жеке маалыматтарында бир жаман иш болуп кетет деп жатышат.
Сүрөттүн автордук укугу FACEAPPImage caption. Мындан мурда FaceApp тиркемесинде ар кандай чач жасалгасын сынап көрүүгө же өзүңдүн башка жыныстагы сүрөтүңдү көрүүгө болот эле.
Психологдор: Бул тиркемени кимдир-бирөө оюн-тамаша кылып колдонуп жатат.
Эгер аны терең психологиялык позициядан карасак, анда карылык бул биздин замандын эң оор көйгөйү, баары карыгысы келбей, узак жашагысы келет. Азыркы адамдар өлүмдөн коркот.
Психологиялык механизмдин бири — ошол коркунучту аң-сезимсиз деңгээлде жеңүү.
Экинчи — бул «агрессиянын чагылышы», эгер адам агрессивдүү жүрүш-турушун сыртка чыгара албаса, ал аны тамашага чалып көрсөтүшү мүмкүн. Биз картайтып көрсөткөн сүрөттөрдүн ийгилигинен ушуну көрүп жатабыз.
Ɵзүңдү башка куракта элестетип карап көрүү — бул өзгөчө өспүрүмдөр үчүн табигый көрүнүш.
Бүт бардык адамдар бул темага жабышат: алар үчүн өздөрүн изилдөө өтө кызыктуу, ошондуктан бул тиркеме аларга кызыктуу болуп жатат.
Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGESImage caption. Эгер Facebook логин аркылуу кирсеңиз, сиздин социалдык тармактагы сүрөттөрдү FaceApp көрө алат, керек болсо жарыялай элек сүрөттөрүңдү да көрөт.